Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 10.08.2018 10:11

Памирлик аялдардын топчу жана шурулары ден соолукка пайдалуу, - профессор (сүрөт)

Turmush -  Памирлик кыз-келиндердин топчу жана шурулары адамдын ден соолугуна пайдалуу. Бул тууралуу кечээ, 9-августта «Памир кыргыздарынын тарыхы, материалдык жана рухий маданияты» аталышындагы өтүлгөн ачык лекцияда белгилүү филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов билдирди.

Маалым болгондой, аталган лекция Борбор Азия университетинде өтүп, ага Нарын шаарында жашап жатышкан памирлик кыргыздар, китепканачылар, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.

«Негизи көпчүлүк адамдар “Эмнеге бул шуруларды моюндарына толтуруп, кийимдерине шалдыратып көп топчуларды тагып алышат?” деп ойлошот. Памирдин климаты катаал болгондуктан, бул топчу жана шурулар ден соолукка жакшы таасир берет. Мисалы, буларда богок оору деген болбойт.

Жада калса кийим-кечесинин өңдөрүнүн дагы чоң мааниси бар. Бул дагы чоң маданият болуп эсептелинет. Бул жактагы памирлик кыргыз аялдарынын кийимине күлгөндөр — чыныгы жапайычылык», - деди ал.

Сулайман Кайыпов памирлик кыргыздардын тамак-ашын, каада-салтын, оозеки чыгармаларын изилдеп, китепке басып чыгарган. Изилдеген маалыматтарын түрк, кытай тилдерине которуп, чет өлкөлүк студенттерге лекция өтөт. Учурда Кытайда жашаган профессор 1 айга Нарын шаарына келип, памирликтерди дагы терең изилдөөсүн улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×