Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.08.2018 09:37

Базар-Коргон аймактык ооруканада 4,6 млн сомго курулган жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы аймактык ооруканада жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Батырбек Субанкулов, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана медицина кызматкерлери катышты.

Башкы дарыгер Батырбек Субанкулов аймактарды өнүктүрүү жылына карата бир топ жумуштар аткарылганын белгиледи.

«Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн мурунку имаратынын эскилиги жетип, дарыгерлерге жана бейтаптарга ыңгайсыздык жаратып келген болчу. Бул көйгөйлөрдүн баары артта калды. Эми бейтаптар үчүн жакшы шарт түзүлдү. 25 койкалуу жаңы имараттын курулушуна 4 млн 630 миң сом сарпталды. Ошондой эле буга чейин муктаж болуп келген жыйындар залын жана стерилизациялоо бөлүмүн ачтык. Анын курулушуна 1,5 млн сомго жакын каражат жумшалды.

Мындан сырткары, төрөт үйүнүн чатыры жана сырты оңдолду. Ага 1 млн 350 сом жумшалды», - деди Б.Субанкулов.

Базар-Коргон аймактык ооруканада 358 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде 49 башкы дарыгер, 186 медайым, 123 жардамчы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×