Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 09.08.2018 18:51 На русском

Майлуу-Сууда кызмат өтөп жаткан жоокер токко урунуп, ооруканага түштү

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокер электр зымына урунуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы ишенимдүү булактарга таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, кызмат өтөп жаткан С.Р аттуу жоокер 8-августта аскер бөлүктөгү трансформатор тараптан өтүп баратып, электр зымына кокустан колу тийип кеткен. Анын кесепетинен ал оң колунан жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.

Аскер кызматкери электр тогунан жабыркап, ооруканага жеткирилгенин шаардык ооруканадан дагы тастыкташты.

«Бейтап шок абалда түшкөн. Денесинен 3-4-даражадагы күйүк алып, бармактары жабыркаган. Тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп, абалы турукташты, шок абалдан чыкты. Бейтаптын абалы туруктуу болгондон кийин аны Ош шаарындагы күйүк борборуна алып кетишти», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×