Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.08.2018 17:38

Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кеткен факты боюнча экспертиза дайындалды

Turmush -  Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кеткен факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине 9-августта Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Учурда күбөлөр суралып жатат жана биринчи тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп билдиришти облустук милициядан.

Буга чейин Бостеридеги «Алтын кум» пансионатынын аймагында 8-августта Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кеткени маалымдалган.

Жабырлануучу Айдана Зулумованын айтымында, Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан достору жана туугандары менен бирге барган. Сууга түшүп жатканда катерге байланган парашюттагы трос менен сүйрөлүп, 200-300 метр тереңдикте калган.

«Катердин айдоочусу кулакка таккыч (наушник) менен жүргөнүн жана эч нерсе укпаганын айтты. Бирок ошол учурда баары кыйкырып жаткан. Менин жанымда эжем жана досум бар болчу», - деди жабырлануучу.

Ал курсак тарабынан жаракат алып, Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×