Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 09.08.2018 17:06 На русском

Өзбекстандын 4 жараны жердешин зордуктап, мейманканадан ыргытып жиберишкен

Turmush -  Санкт-Петербургдун Невск районунда жайгашкан мейманканада бир нече киши 22 жаштагы кызды зордуктап, андан соң терезеден ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Төргөө башкы башкармалыгынын Петербург боюнча Төргөө комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул факты боюнча Төргөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси — зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Төргөө комитетинин божомолуна караганда, 4-августта 19-25 жаштардагы Өзбекстандын мас абалдагы 4 жараны «Белые ночи» мейманканасында 1993-жылы туулган өзбек кызды ур-токмокко алып, зордуктап жана сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасашкан. Андан соң, 3-кабаттагы бөлмөнүн терезесинен ыргытып жиберишкен. Жабырлануучу бир нече жаракат менен ооруканага жеткирилип, шектүүлөр камакка алынган.

Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×