Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Баткенде алгачкы жолу шахмат боюнча республикалык турнир өттү (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагынын Интернационал айылында 5-8-август күндөрү алгачкы жолу шахмат боюнча республикалык турнир өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, «Лейлек-2018» аталышындагы турнир Шахмат федерациясынын, Баткен облустук жаштар иштери жана дене тарбия башкармалыгы, аталган федерациянын Баткендеги жетекчиси Камил Абдырахманов тарабынан уюштурулган.

Турнирге чет өлкөдө өзүн сынап келген жаш шахматчылар катышты. Жалпысынан Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарынан 60тан ашык шахматчы ат салышкан. Ал эми мелдеш 3 категория боюнча — 6-12 жашка чейин, 12-17 жашка чейин жана 17 жаштан жогору шахматчылар арасында өттү. Күндүн ысыгына, жолдун алыстыгына карабай чек аралаш аймакта уюштурулган оюн кызуу уланып, катышуучулар баалуу байгелер менен сыйланды.

Жыйынтыгында 1-орунду спорт чеберлигине талапкер Кайрат Абылкасымов, 2-орунду Ош шаарынын шахматчысы Абидов Садыржан, 3-орунду шахмат чебери Кайрат Өмүралиев багынтты.

Иш-чаранын уюштуруучусу К.Абдырахмановдун айтымында, буга чейин облуста мындай турнир уюштурулган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 477
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×