Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.08.2018 15:57 Жаңыланды: 09.08.2018 18:31 На русском

Мекендештер: 20 жыл АКШда жашап, бизнес түптөгөн А.Саргалдаев эмне үчүн Кыргызстанга көчүп келгенин айтып берди (фото)

Turmush -  Арстанбек Саргалдаев «Мекендештер» форумуна быйыл төртүнчү жолу катышып жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына Америка Кошмо Штаттарындагы жашоосу жана Кыргызстанда ишкерликти кантип бутуна тургузганын айтып берди.

«1997-жылы 26 жашымда элчиликке барып, суранып жатып Америкага кеттим. Бирок АКШга баруу максатым 11 жашымда эле пайда болгон. Ал убакта СССР болгондуктан үйдө бул темада сүйлөшүүгө тыюу салынчу. Ошондуктан бул тема боюнча бир гана апам менен сүйлөшчүмүн», - дейт ал.

Жаш баланын кыялы Лейк-Плэсид [Нью-Йорк штатындагы кыштак, 1932-1980-жылдары өткөн Олимпиадалык оюндардын борбору] кыштагындагы Олимпиадалык оюндардын аркасы менен пайда болгон. Анда Америка жана СССРдин курама командалары ойношчу.

«Биз баарыбыз СССРге жан тартканыбыз менен баары бир америкалыктар утуп кетишчү. Мен алардын кубанычын, жеңишке жеткенде сүйүнүчтөрүн эркин билдиргендерин көргөндө, мен дагы Америкага барып, ошол адамдарды көрүүнү кыялданып баштадым. Биринчи жолу апама кыялым тууралуу айтсам, ал бул жөнүндө эч кимге айтпоомду өтүндү. Ошондон кийин кыялым 16 жыл өткөн соң ишке ашты. Мен анда аскерде кызмат өтөп келген, 1990-жылдардагы жашоону көрүп калган жигит элем. Ал убакта деле жаман жашачу эмесмин. Кичинекей күркөм бар болчу. Ошол убакта досум Америкага кетип, мени дагы чакырды. Бирок еврей досума ал жерде жеңил болуп, кыргыз үчүн оор болот деп ойлодум. Бирок андай болгон жок. Баары бир Америкага кетип, Нью-Йоркто жашап жүрдүм», - дейт Арстанбек.

Учурда Арстанбек Кыргызстандагы ишкерчилигин өркүндөтүү менен алектенүүдө.

«Алгач Америкага турист катары эле барып, дароо студенттин визасын алдым. Бир дагы күн мыйзамсыз жүргөн жокмун. Ошол эле жерден берген арызымдын негизинде «жашыл карта» утуп алдым. 10 жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда 2007-жылы АКШда жашоого уруксат берүүчү документ алдым. Нью-Йорк шаарында менде логистика жана транспорттук ишкана иштейт. Бирок азыр Кыргызстанда көбүрөөк жашагым келет, анткени эмнени кааласам ошого жетиштим.

Улуу кызым Эркингүл (ал өзүн Эрика деп атайт) 22 жашта, Калифорния штатында жашайт. Биз ал жерге көчүп кеткенибизде кызыбыз 7 жашта болчу. Ортончу кызыбыз 12, кичүү кызыбыз 2 жашта. Мен Кыргызстанга көчүп келип жатканымдын себеби алар биздин каада-салтыбызды билип, өзүнүн мекенин, тилин жана маданиятын билсе дейм. Ошондой эле алар баштапкы билим алса деп ойлойм. Анткени бул жерде баштапкы билим берүү Советтер союзу учурунда эле түптөлгөн да. Буга кошумча биз ар кандай курстарга дагы барабыз.

Ал эми жубайымды Япониядан жолуктурдум. Ал кыргыз, Японияда ата-энеси менен жашачу. Ал дүйнө куруу жана кофликтология боюнча билим алган. Учурда докторлук ишин жактоого даярданып жатат», - дейт Арстанбек.

Ал белгилегендей, Кыргызстандагы бизнесин ал 5 жыл мурун баштаган.

«Өзгөчө тоскоолдуктарга деле дуушар болгон жокмун. Бирок мага «рэкеттер», жада калса бийликте отурган адамдар жана укук коргоо органдарында иштеген адамдар келет деп айтышкан эле. Бирок менин практикамда мындай болгон жок. Биринчи жумушум мага аябай жардам берди. Биз Роза Отунбаева үчүн иштегенбиз, жумуш экология боюнча долбоордун алкагында болчу. Анткени бул маселе мени Кыргызстанда көп тынчсыздандырчу. Себеби Америкада айлана-чөйрөгө этияттык менен мамиле кылышат эмеспи. Бул долбоор фонд менен бирге 3 жылга чейин созулду. Көптөгөн иштерди жасадык. Андан кийин рекомендация кылынган каттарды ала баштадым. Негизгиси кардарларды табуу кыйынга турду, аларды издеп, сүйлөшүүгө туура келди. Анткени Америкада бизнес түптөө жолу биздикине салыштырмалуу айырмаланып турат. Бирок мен логист экенимди түшүнүп, бизнес логистика негизделерине ынындым. Менин аракетим жана шыгым өз өлкөмдө бизнесимди бутуна тургузууга жардам берди деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×