Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 09.08.2018 14:51

Айыл турмушу: 3 мамлекетте акысыз окуган Е.Ильясов кичи мекенинде мугалим болуп эмгектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Маймак айылынын 27 жаштагы тургуну Ермек Ильясов чет мамлекетте билим алып келип, учурда мугалим болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш мугалим 1991-жылы 19-февралда аталган айылда төрөлгөн. Ал Талас облусундагы мектепте окуп, андан кийин Казакстан, Түркия, Польшада билимин жогорулаткан. Аталган мамлекеттердин бардыгында акысыз окуп, стипендия алган. Ал билим алуу менен бирге Европадагы 15ке жакын мамлекетти кыдырып, стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештерге катышып, бир нече медаль, грамоталардын ээси болууга жетишкен.

«Чет мамлекеттиктердин жашоого болгон көз карашы таң калтырды. Алардын каада-салты, адамдарга болгон сый-урматы, адамгерчиликтүүлүгүнө баа берем. Балким алар ушундай сапаттарга ээ болгону үчүн өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт.

Кесибим боюнча химикмин. Бул кесипти тандоого мектептеги мугалимдерим түрткү беришти. Химия сабагы боюнча облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгом. Учурда окуучуларды химия боюнча олимпиадаларга даярдоо менен алекмин. Быйыл 3 окуучум райондук олимпиадада орунга илинип, 1 окуучум облус боюнча 1-орунду алды. 2017-жылдын март айынан бери Аманбаев атындагы жеке мектепте эмгектенип келем. Ошондой эле 2 айылда кошумча англис тили боюнча ийрим ачтым», - деди ал.

Үй-бүлөсү чет мамлекетте окуусуна каршы болбогонун айткан каарман: «Билим алууга абдан умтулдум. Чет мамлекетте окууга өткөндө эң биринчи үй-бүлөм колдоо көрсөттү. Жалпы чет өлкөдө 9 жыл жүрсөм, 7 жыл билим алып, 2 жыл эмгектендим», - деди.

Ермек Ильясов үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×