Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.08.2018 12:47

Жети-Өгүздө Карга акенин 300 жылдыгына карата улуттук оюндардын мелдеши өтөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Карга акенин 300 жылдыгына карата улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору С.Жумаев маалымдады.

Анын айтымында, Карга акенин 300 жылдыгына арналган мелдеш Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, Дархан айыл өкмөтү жана дене тарбия, спорт бөлүмүнүн уюштуруусунда өткөрүлөт.

Мелдеш 11-12-августа Дархан айылындагы «Желден-Ата» спорт комплексинде башталып, 25-26-августта кыргыз күрөшү боюнча ачык турнир 7 салмакта өткөрүлсө, 30-31-августта тогуз коргоол жана кол күрөш боюнча мелдеш өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×