Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Чек арадагы Көк-Таш айылынын негизги көчөсү 1,5 млн сомго жарыктандырылды (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Аксай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылына түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова билдирди.

Анын айтымында, узундугу 2 чакырымга жакын Музафар Назаров көчөсүнө жалпы 23 түнкү чырак коюлду. Анын жалпы сметалык баасы 1 млн 568 миң сомду түзүп, БУУнун өнүктүрүү программасынын «Тынчтык жана өнүгүү үчүн чек аралык кызматташтык» долбоору тарабынан каржыланды.

«Бул көчөнүн сол тарабы Тажикстандын Исфара районунун Самонион айылына караса, оң тарабы Көк-Таш айылына карайт. Буга чейин көчө караңгы болуп, тургундарга кооптуу жагдай жаратып келген», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 414
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×