Кадамжай сурьма комбинатына таандык бир нече объект аукционго коюлду

Turmush - «Кадамжай сурьма комбинаты» ачык акционердик коомуна таандык имарат, электр мамылары, тазалоо курулуштары, трансфарматорлор, от жагуучу имарат жана чакан ГЭС ачык соода-сатыкка (аукцион) коюлду. Бул тууралуу Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү билдирди.
Тизме:
- Промсанлаборатория имараты (Кадамжай шаары, промзона аймагы) — 3 824 000 сомго бааланган;
- Жийделик айылы аймагындагы 34 электр мамы (ВЛ-6 кВ, Кадамжай шаары) — 1 226 000 сомго бааланган;
- Бойлерная тазалоо курулуштары (ВЛ-6 кВ, Кадамжай шаары) — 3 748 000 сомго бааланган;
- КТП 160/6, ТМ 160/6/0, 4 трансформатору менен (КТП 160/6, с трансформатором ТМ 160/6/0,4) — 124 000 сомго бааланган;
- КТП 400/6, ТМ 400/6/0,4 трансформатору менен (КТП 400/6, с трансформатором ТМ 400/6/0,4) — 163 000 сомго бааланган;
- ЗРУ-6 КВ «Бойлерная» — 1 540 000 сомго бааланган;
- От жагуучу имарат (здание котельной) — 961 000 сомго бааланган;
Карызкор «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКка таандык Жийделик айылында жайгашкан чакан ГЭСтин объектиси жалпы 87 570 526 сом.
а) Курулмалар жана имараттар (здания и сооружения) — 47 646 709 сомго бааланып аукционго коюлду;
б) жабдуулары — 39 923 817 сомго бааланып аукционго коюлуп, ачык соода-сатыктан сатылып, мажбур түрүндө аткаруу үчүн аукцион жарыяланды.
Ачык соода-сатык (аукцион) 2018-жылдын 28-сентябрь күнү саат 14:00дө Кадамжай шаарынын Завод көчөсүндөгү «КСК» ААКтын административдик имаратында өтөт.
Байланыш үчүн телефондор: (03655) 5-04-63, (0770) 587458, (0551) 01 01 10 Кадамжай райондук САКБму.