Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.08.2018 09:05 Жаңыланды: 06.08.2018 15:18 На русском

Байзак менен Адинайдын сүйүүсү: Өзбек кызы учурда кыргыз келиндерден кем калбай кызмат кылат (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандык Адинай менен кыргыз жигити Байзак учурда бактылуу жаш үй-бүлөлөрдүн катарын толукташат. Алардын таанышуусуна досторунун тою себеп болгон.

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылында жашап жаткан түгөйлөрдүн айтымында, жакын досунун үй-бүлөсү дагы эки улуттан куралган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ал эми Адинай Темированын айтымында, алардын үй-бүлө курушуна ата-энеси каршы болгон эмес.

«Мен дос кызымдын тоюна катышуу үчүн Кыргызстанга келгем. Жолдошум да ошол тойдо аяшыбыздын досу болуп келген экен. Биз ошол тойдо таанышып, көп өтпөй ата-энеси биздин үйгө барышты. Бири-бирибиз менен жакшы тил табышып, жакшы мамиледе болгондуктан ата-энелерибиз каршы болушпады», - деди Адинай Темирова.

Адинай келин болуп келгенине бир жылга жетпей кыргыз тилинде эркин сүйлөп, каада-салтты мыкты билип калган. Азыр кыргыз келиндерден кем калбай кызмат кылууда.

«Тилибиз, каада-салтыбыз окшош болгондуктан кыйынчылык болбоду. Ата-энем кайындарын сыйлоонун жолдорун, келиндик кызматтарды үйрөтүшкөн. Ошондуктан күн сайын эртең менен көчөлөрдү шыпырып, тазалап турам. Кээде уктап калган күндөр болот. Андайда кайын энем урушпайт. Алгачкы күндөрдө өзбек тилин аралаштырып сүйлөсөм, азыр кыргыз тилинде эркин сүйлөм. Менин өзбек экенимди айырмалай алышпайт. Мага окшоп Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп келген 3 дос кызым бар», - деди Адинай.

Ал эми Байзак Адинайга жолугуу үчүн Өзбекстанга каттап турчу.

«Биз досубуздун тоюнда таанышып, алгач телефон менен байланышып жүрдүк. Кийин Өзбекстанга барып жолуктук. Адинай жакшы кыз, ата-энеси да жакшы адамдар болгондуктан ата-энемди жөнөтүп, насип экен үйлөндүк. Ата-энем да ыраазы, азыр келиндин кызматын көрүп, чайын ичип отурушат. Чынында сүйүү улут тандабайт, ага чек ара да маанилүү эмес», - деди Байзак Ысманали уулу.

Учурда Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагында Адинай менен Байзак сыяктуу эки улуттан куралган 80ден ашуун үй-бүлө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×