Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусу 03.08.2018 12:41 Жаңыланды: 03.08.2018 15:02 На русском

Жаш келсе ишке... Талас облусундагы жаш жетекчи мырзалар

Turmush -  «Кары келсе ашка, жаш келсе ишке» деген макалды уксаңыз керек. Бул жолу Turmush басылмасынын кабарчысы Талас облусунун аймагында элге кызмат кылып жаткан жаш жетекчилер менен тааныштырат.

-------------------------------------------------------

Адилет Жолдошев 28 жашында, тактап айтканда 2017-жылдын февралында Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Кыргызстандагы жаш айыл өкмөт башчылардын катарын толуктаган Адилет Жолдошев 2005-2008-жылдары Бишкек шаардык финансы-экономикалык техникумун артыкчылык диплому менен аяктаган болчу. 2008-2011-жылдары Чүй мамлекеттик университетинин экономика жана башкаруу факультетин, 2012-2015-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика институтунун жарандык укук боюнча магистратурасын аяктаган.

Ал 2008-2009-жылдары банкта кызматкер, 2009-жылы ишканада каржы директор, 2009-2015-жылдары насыя берүүчү компанияда кызматкер, 2011-2017-жылдары Талас мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенген.

10986454_1444635629164430_174689401027640764_n

Жамалбек Орозбаев жетекчилик кызматты 1 жыл мурун аркалап баштаган. Учурда Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы. Экономика тармагында жогорку билим алган.

Адамдарга жакшылык кылууну максат кылган жетекчи жубайы менен бирге 3 баланы тарбиялап жатышат.

26 жаштагы Аскат Саматбеков бир жылдан бери «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Бакай-Ата райондук бөлүмүн жетектейт. Байланыш тармагында жогорку билим алган Аскаттын хоббиси теннис ойноо жана китеп окуу. Учурда бойдок.

Бакай-Ата районунун 32 жаштагы тургуну Эркинбек Камчыбеков 2 адистиктин ээси. Тактап айтканда, ал кесиби боюнча инженер куруучу жана дене тарбия жана спорт тармагындагы адис.

Ал 28 жашында жетекчи болгон. Учурда Талас шаардык «Таза суу» муниципалдык ишканасын жетектейт. Бош убактысында китеп окуп, спорт менен алектенгенди жактыра турганын айтты. Жубайы экөө 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

29 жаштагы Эркин Аскаров 1 жылдан бери жетекчилик кызматта эмектенип келет. Ал учурда Талас шаардык коммуналдык муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасын жетектейт. Юрист кесибинин ээси бош учурунда сууда сүзүү жана футболго кызыгат. Үй-бүлөлүү.

30 жаштагы Аскат Осмонов мындан 7 жыл мурун радионун жетекчиси болуп дайындалган. Учурда Талас облусундагы «3-канал» телекомпаниясынын аткаруучу директору болуп эмгектенүүдө.

Ал социалдык маданий иштердин менеджери адистигине ээ болгон. Хоббиси — спорт менен алектенүү, үн жаздыруу жана китеп окуу. Учурда жубайы экөө 1 уулдун ата-энеси.

32 жаштагы Талгат Сулайманов учурда Талас шаарындагы «Газпром спорт» комплексинин жетекчиси. Адистиги боюнча юрист.

28 жаштагы Артык Мураталиев учурда Талас регионалдык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы. Ал — жогорку билимдүү архитектор. Ошондой эле футбол ойногонду жактырат.

Осмоналиев Бакирдин Зайнидинович 22 жашында жетекчи болгон. Адистиги боюнча экономист-башкаруучу. Учурда Талас райондук Өнүктүрүү фондунун жетекчиси. Хоббиси: саякаттоо. Учурда бойдок.




Осмоналиев Бакирдин Зайнидинович,22 жашында жетекчи болгон. Адистиги боюнча Экономист-Башкаруучу. Учурда Талас райондук Онуктуруу фондунун жетекчиси. Хоббиси: Саякаттоо. Бойдок
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×