Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 23.07.2018 15:31

Жигитти ээрден оодарган кыздар. «Жоокер» оюндары федерациясы бет ачарын өткөрдү (сүрөттөр)

Turmush -  «Жоокер» оюндары федерациясы Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр жайлоосунда өзүнүн алгачкы бет ачарын, презентациясын өткөрдү. Федерация 2018-жылдын башында ишкер Нурмухамед Миӊбаев тарабынан негизделген.

 «Жоокер» оюндары федерациясы (1)

Федерациянын максаты — кыргыз элинин улуттук жоокердик оюндарын өнүктүрүү, даӊазалоо, дүйнөгө таанытуу. Ошондой эле элдик, улуттук баалуулуктарды урпактарга жеткирүү менен Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо, улуттар аралык биримдикти чыӊдоо. Негизги талабы – III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата даярдык экенин федерациянын өкүлдөрү белгилешти.

Аталган федерация уюштуруп жаткан иш-чаралар менен аймактык кабарчы таанышкан.

«Жоокер» оюндар федерациясынын негиздөөчүсү Нурмухамед Миӊбаевдин айтымында, өзү минген атты мойнунан кучактап, эркелетип турат.

«Кылым карыткан кыргыз эли тээ байыртадан эле жоокердик оюндарды туу тутуп келишкен. Биз да ошолорду тереӊ изилдеп, элден алып, элге тартуулап, бабалардын баскан жолун, жоокердик өнөрүн тартууладык. Өзүӊөр күбө болгондой, эр сайыш, кыз куумай, тыйын эӊмей, ат үсүтүндө эркин ойноо, жалын чачуу, улак тартуу, жаа тартуу, күрөш сыяктуу спорттун көп түрлөрү болду. Айыл элине да улак тартыш, эр эӊиш оюндары кошумча уюштурулду. Өзүнчө эле керемет. Мындай улуттук спорттук баалуулуктарды өнүктүрүшүбүз абзел. Нукура көчмөн кыргыз элибиздин жоокердик оюндарын даӊазалоо, дүйнө элдерине таанытуу, тарыхыбызды тамырлатуу атуулдук парзым деп эсептейм. Өзүм да атты сүйөм. Күндө мойнунан кучактап, ден соолугун сурайм. Эркелетем, жалынан сылап сүйлөшөм», - деди ал.

«Жоокер» оюндары федерациясы (2)
Атты туягынан тандоо керек экенин Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Акматова белгиледи.

«Кытайда 10 жылга жакын циркте иштедим. Албетте, өз элимден алган тажрыйбама таяндым, өнүктүрдүм. Кытайлыктардын менталитети башка... Менимче, ат үстүндө жашаганыма 10 жылдан ашты. Оюн-зоокторго катышууда аттын ролу өзгөчө. Ат тандаганда туягын кароо керек. II Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна жана “Кочевники” деген фильмге да тартылдым», - деди ал.

«Жоокер» оюндары федерациясы (3)
Бул жолку иш-чарада күн кечтеп кетсе да, элдин кетүүчүдөй түрү жок отурушту. Ар бир оюн көрсөтүлгөн сайын коштоп, биринен экинчиси кызык өӊдөнүп турду. Ошондой эле Швейцариядан эс алууга келген Катя менен Роксана аттуу айымдар ортого чыга калып, өз тилинде сүрөөнгө алып, алакан чаап кубанып жатышканы сыймыктанууну арттырды.

«Жоокер» оюндары федерациясы (4)

Өзгөчө жаа атуу боюнча Бишкек шаарынын тургундары 24 жаштагы — Айгерим Алимбекова менен 16 жаштагы Жибек Жаныбек кызы чеберчилиги менен көрүүчүлөрдү таӊ калтырышты.

«Ар бир учурдун өзүнчө тарыхы болот тура. Мен борбор калаадагы мектептердин биринде 11-класста окуйм. Бир жолу “Акыл карачач” таймашына катышып жатканымда жаа тарткан кыздарды көргөм. Ошондо ушул оюм, идея жүрөгүмдү ээлеп алган. Даярдандым, кыйналдым, акыры үйрөндүм, такшалдым. Көчмөндөр оюнуна катышам деп турам. Али жашмын, 16га эми толдум. Алдыда сонун ойлорум бар. Ийгиликтерди багындырам. Башкысы – күн сайын даярдануу. Сабактарымды окуп, спортко катышып, ата-энеме жардам берип, жайлоодо эс алып жүрүү мага жагат», - деди Жибек Жаныбек кызы.

Ал эми Айгерим Алимбекова жакында Венгрияда боло турган эл аралык турнирге даярданууда.

«Каражат жагы бир аз оор болуп турат. Чечилсе эле шыр жөнөйм. Эми жаа атуу, тартуу өнөрү менен барам. Бул өнөрлөр таамайлыкты, сабырдуулукту талап кылат. Күчтүү эрк, энергия керек экен», - деди Айгерим.

«Жоокер» оюндары федерациясы (5)
Эр сайышка эркекче кийинип, жигитти ээрден оодарган Нарын облусунун Ат-Башы районунун 19 жаштагы тургуну Диана Аширбаева да келип катышты. Кайда жүрсө Карагер атын ээрчиткен Диана Аширбаева эркекче кийинип, ээрден жигитти оодарган өнөрү менен кезегинде этноспорт таймашы боюнча Стамбулга барганын сыймыктануу менен айтты.

«II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна ден соолугума байланыштуу бара албай калганыма өкүнөм. Бирок келечекке үмүтүм чоӊ. Кыз куумай, эр сайыш оюндарда кадимкидей такшалып калдым. Учурда Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатам», - деди ал.

«Жоокер» оюндары федерациясы (6)

Бул өнөргө кызыгып, иш-чарага атайын Бишкектеги Көк-Жар айылынан келген Айым Деркембаеванын кесиби дарыгер болсо да, ат мингенди жакшы көрөт.

«Бир жолу Ысык-Көлдө ат үстүндө оюн көрсөтүп жатып, үзөңгүдөн бутум чыкпай калса болобу. Ат кадимкидей сүйрөп жөнөдү. Корктум, бирок акылдуу атыма ишендим. Көпкө чейин бутум ооруп жүрдү.

Айрымдар “жөн эле жүрсөӊ болбойбу, сүйгөн кесибиӊ, Медакадемиядан алган билимиӊ бар. Жөн гана иштеп жүрө бер” дешет. Бул сөздөр мазактагандай сезиле берет. Кайра чыйралам. Ат үстүнөн түшкүм келбейт. Шаарда деле ат минип жүрө берсек, атаганат», - дейт ал.

Ачылышта жоокер оюндарынын 50гө жакын чеберлери өздөрүнүн укмуштуудай оюндарын да көрсөтүштү. Ал эми ар бир жеӊүүчүгө жана катышуучуларга баалуу белектер, акчалай сыйлыктар берилип жатты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×