Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 20.07.2018 09:08 Жаңыланды: 30.10.2018 11:00

Айыл турмушу: Таластык Зина апа келин болуп келгенден тарта гүлдөрдү өстүрүп сатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылында жашаган 65 жаштагы Шооркулова Зина апа гүлдүн түрүн өстүрүп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл районунда чоңойгон. Таласка 1974-жылы келин болуп келген.

«Таласка келин болуп келгенден тарта үйүбүздүн тегерек четин тазалап, жаш кезимдеги кыялданган гүл өстүрүү менен алек болдум. Алгач 20 жыл мурун 4 түп роза гүлүн сатып алып өстүрө баштагам. Ар бир нерседе жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн талыкпаган эмгек керек эмеспи. Мен дагы көп кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Көп жылдык талыкпаган эмгектин арты менен мына ушул жетишкендикке жетип отурам.

Гүлдөрдү өзгөчө ыкма менен өстүрөм. Ар бир гүлдүн уругун тиккенге чейин биринчи жерге сиңип кетчү таштандыларды чогултуп, аларга атайын курттарды таштап коём. Ошол таштандылар кийин күчтүү жер семирткичке айланат. Андан кийин аны жаңы тигилип жаткан гүлдөрдүн түбүнө таштаса жакшы өсөт», - деди ал.

Ишкер апа 5 баланын, 9 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×