Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.07.2018 11:15

ОНЛАЙН: Кезексиз сессияга чогулган шаардык кеңеш мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтөбү?

Turmush -  Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 40ка жакын депутаты кезексиз сессияга чогулду. Күн тартибиндеги жалгыз маселе — фракциялардын лидерлеринин кайрылуусу.

Сессияга эмгек өргүүдө жүргөн мэр Албек Ибраимов келген жок. Ал эми мэрдин милдетин вице-мэр Бакыт Дюшембиев аткарып жатат.

Сессиянын башталышында шаардык кеңештин депутаты Рысбай Ааматов («Өнүгүү-Прогресс») мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин добушка коюуну сунуштады. Буга чейин бүгүнкү кезексиз сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүшү мүмкүндүгү айтылган болчу.

Бишкек шаардык кеңешинин 13-июлдагы кезексиз сессиясынан түз көрсөтүү:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×