Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.07.2018 10:59 На русском

Социалдык түйүндөн таанышкан кыз-жигиттин түнкү клубдагы жолугушуусу соттошуу менен аяктады

Turmush -  Бишкектеги Октябрь райондук соту эс алуучу жайдан таанышкан кызга материалдык зыян келтирген деп айыпталып жаткан Анварга (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2018-жылдын 12-январында саат 02:30 чамасында борбордун 5-кичи районунан Ольгага (ысымы өзгөртүлдү) тиешелүү капчыкты тартып алып, белгисиз багытка качып кеткен. Анын ичинде жабырлануучуга тиешелүү ID-паспорт, крест түрүндөгү күмүш тумары, банк картасы жана 1300 сом, 300 доллар акча каражаты болгон.

Анвардын көрсөтмөсү

Бул күнү жабырлануучу менен клубдан таанышкан. Саат 02:30 чамасында алар бирге такси менен үйгө кетишкен. Алар 5-кичи районго жеткенде Ольга таксинин акысын төлөөдөн баш тарткан. Ошол учурда анын колундагы капчыгын жулуп алып, айдоочунун акысын берген. Капчыкты кайра кайтарып берерде ал жерге топтолгон адамдарды көрүп, чочуганынан качып кеткен. Анын ичинде ID-паспорт, банк картасы, тумар жана 1260 сом болгон. Ал эми 300 долларды көргөн эмес. Айыпталуучу капчыкты ээсине эртеси күнү кайтарып бергенин жана бул окуяга кайгырып жатканын айткан.

Жабырлануучу Ольганын көрсөтмөсү

Ал 1 жылга жакын убакыт Анвар менен социалдык тармактар аркылуу байланышып турган. Алар 11-январда саат 20:30 чамасында клубдан жолугушкан. Клубдан кийин такси менен үйгө кайтышып, 5-кичи районго жеткенде экөөнүн ортосунда талаш жаралган. Ошол жерден Ольга кулап кетип, Анвар анын сумкасынан капчыгын алып, качып кеткен. Капчыктын ичинде 1300 сом, 300 доллар, флэш-карта, ID-паспорт, банк картасы жана тумары бар болчу.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болгондой жабырлануучу капчыгын, ID-паспортун, банк картасын, тумарын, флэш-карта жана 24 сомун кайтарып алган. Жабырлануучу соттон материалдык чыгымды төлөтүп, айыпталуучуну мыйзамга ылайык жазага тартууну суранды.

Тергөөлөрдүн жыйынтыгына таянган соттун чечими менен Анвар 3 жылга жатак абакта жаза өтөй турган болду. Ошондой эле жабырлануучуга 20 миң 500 сом материалдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×