Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.07.2018 09:59 Жаңыланды: 13.07.2018 14:42

Ысык-Көлдө жашап жаткан Мария 33 жашка чыкканда биринчи жолу паспорт алды (фото)

Turmush -  Түп районундагы Кутургу айылынын Ленин көчөсүндөгү үйдө жашаган Головотинской Мария Сергеевна 33 жашка чыкканда биринчи жолу паспорт алып, кубанганынан ыйлап жиберди. Эми ал балдарына жөлөк пул жана башка жардамдарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, дейт «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин адам укуктары боюнча координатору Тагиров Николай Васильевич.

Анын айтымында, бул паспортту алуу Мария үчүн оңойго турган жок.

Мария 1985-жылы Россиянын Прокопьевская шаарында туулган. Кичине кезинде атасы менен Кыргызстанга келген, ал эми энеси жөнүндө эч нерсе билбейт. 2000-жылы 15 жаштагы Марияга Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын тургуну — 29 жаш улуу Малышенко Леонид Петрович баш кошот. 16 жашында Данил аттуу уулду болуп, ортодо керектүү документтердин жоктугунан баланы өзүнүн фамилиясына Головотинский Данил Леонидович деп жаздырат. Леонид иштеп акча таап келем деп жаш Марияны алдап, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Ошондон бери бир да жолу кайрылбагандыктан үмүтүн үзгөн Мария азыркы жашап жаткан күйөөсү — 1982-жылы туулган Евгений Доронинге турмушка чыгат. 2003-жылы Мариянын атасы Сергей Головотинский Ананьев айылында каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлган. Мария Евгенийден 2008-жылы Кирилл, 2011-жылы Денис, 2013-жылы Юрий аттуу балдарды төрөйт. Евгений менен жарандык никеге тургандыктан балдарынын баарын өзүнүн наамына Головотинский Евгеньевич деп жаздырып алган. Акыркы 2013-жылы туулган Юрий энеси Мариянын паспорту жок болгондуктан туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элек.

«Мен паспорт алганымда сүйүнгөнүмдүн себеби, кичүү балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк алам. Балдарыма жөлөк пул чыгат. Жер үлүшүбүз жок болсо да жөлөк пул чыкса кичине болсо да жардам болот. Өзүбүз болсо жалданып иштеп, балдарды багып келебиз», - дейт Мария Головотинский.

Мария, күйөөсү Евгений Доронин жана 4 баласы менен атасы Юрий Доронинден калган үйүн тарттырып жиберген.

«Адамзат ден соолук» коомдук бирикмесинин адам укуктары боюнча координатору Николай Тагировдун кийлигишүүсү менен бул иш сотто кайра каралып жатат. Азыр бул үй-бүлө көрүнгөндүн үйүн ижарага алып жашап жатышат. Кутургу айыл өкмөтү, Кызыл ай коомунун Ысык-Көл облустук өкүлү жана боорукер кайрымдуу адамдар дайыма көзөмөлгө алып, материалдык да, моралдык да колдоолорун көрсөтүп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×