Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.07.2018 09:52

Ысык-Көлдөгү сел мүрзөнү, аэропортту, үйлөрдү каптап кетти

Turmush -  Кечээ, 12-июль күнү Ысык-Көл районундагы катуу жаандан улам Чок-Тал айылындагы мүрзөнү, Тамчы айылындагы 10 үйдүн короосун жана аэропорттун учак конуучу жолунун 200 метр четин сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жаан саат 19:00 чамасында жааган. Анын кесепетинен колоттордон келген суулар каналга батпай калган. Ошол эле күнү ӨКМден 30 куткаруучу, жеке менчик 1 экскаватор, 1 трактор тартылып, каналдын жээктери бекемделип, суу каптоо коркунучу жоюлду. Үйлөрдүн короолору жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×