Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.07.2018 08:30

Айыл турмушу: Ашпозчу Р.Алаңкөзова кол өнөрчүлүк менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 50 жаштагы тургуну Роза Алаңкөзова 1992-жылдан бери шырдактын түрүн жасап жана буйрутма менен тумак, тебетейлерди тигип киреше табууда. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча сатуучу. Ал кесип менен 5 жыл иштеп, андан кийин кол өнөрчүлүк менен киреше таап баштаган.

«1986-жылы Бишкек шаарындагы окуу жайды аяктап, 5 жыл дүкөндө эмгектенгем. Союз таркагандан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип, эмгектеримди сатып, азыркы күнгө чейин киреше табуудамын. Эмгектерим Кыргызстандын бардык аймагына сатылат, ошондой эле буйрутма менен оюуларды чийип берим. Буга чейин, тактап айтканда 1994-жылдан 2005-жылга чейин тумак, тебетей жасап киреше тапчумун. Ошол кезде Бишкек шаарында жашачубуз. Учурда эски улуттук баш кийимдерди кардарлардын табитине жараша оңдоп-түзөп берем», - деди ал.

Чебер айым мындан тышкары таттуу токочторду жасап жана ыр жазат.

«Атам Сагындык чоң манасчы болгон экен. Ал мен кичинекей чагымда эле көз жумган. Ыр жазып калуума атам түрткү болсо керек деп ойлойм. Учурда бош убактым болсо эле ар түрдүү темадагы тасирдүү ырларды жазууга аракет кылам. Мындан тышкары мектепте 11 жылдан бери таттуу токочторду жасап, ашканада ашпозчу болуп эмгектенем. Тойлорго буйрутма менен токочтун түрүн жасайм», - деди ашпозчу.

Р.Алаңкөзова менен жолдошу Муратбек Жаныбеков экөөнүн баш кошконуна быйыл 31 жылдын жүзү болду. Алардын 5 баласы жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×