Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ноокат 13.07.2018 07:59 На русском

«Коопсуз шаар» долбоору: Ноокаттын борбордук көчөлөрүнө көзөмөл камералары орнотулду (видео, фото)

Turmush -  Өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Ноокат шаарынын борбордук айлампасына, көчөлөргө жана таштанды таштоого тыюу салынган жайларга көзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, камера орнотуу иштерине шаар мэриясынын бюджетинен 151 миң сом бөлүнгөн.

«Бул камералардын жардамы менен смартфон, уюлдук телефондор аркылуу фото, видео фиксациялоого, жол коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөөгө, кылмыш-кырсыктарды алдын алууну камсыздоого болот. Учурда видео байкоонун натыйжасында Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсү, жол тескөөчүлөргө бир топ жеңилдиктер жаралууда, деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл камералары 2-июлдан тарта ишке кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×