Сүрөт — Дарыяга кулаган унаадагы айдоочу менен 2 жүргүнчү чыгып, Сагынбекти суу агызып кеткен
Turmush - Жайыл районунда жол-транспорт кырсыгы учурунда жоголгон 26 жаштагы жигитти издөө иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМден билдиришти.
Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 1992-жылы туулган А.у.Сагынбекти издөө иштерине Жайыл РИИБдин кызматкерлери активдүү катышууда. Бүгүн, 12-июлда куткаруучулардын катарына аталган жигиттин туугандары да кошулушту.
А.у.Сагынбек Бишкек—Ош унаа жолунун 110-чакырымында Кара-Балта дарыясына оодарылып кеткен «Хонда-Фит» автоунаасынын жүргүнчүсү болгон. Жол-транспорт кырсыгынан кийин айдоочу жана калган жүргүнчүлөр унаадан чыгып, ал эми Сагынбекти дарыя агызып кеткен.
Буга чейин Жайыл районунда жол-транспорт кырсыгы учурунда жоголгон 26 жаштагы жигит табыла электиги маалымдалган. Бир күндөн бери аталган райондун куткаруучулары милиция кызматкерлери менен биргеликте Кара-Балта дарыясында издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Күбөлөр — «Хонда Фит» автоунаасынын жүргүнчүлөрү жол кырсыгынан кийин А.у.С.ны суудан жоголгонун көрүшкөн.
Өздүк булактардын маалыматына караганда, 10-июлда Бишкек—Ош унаа жолунун 110-чакырымында айдоочу рулду башкара албай, анын кесепетинен унаа дарыяга кулаган. Автоунаада 4 адам болгон. Анын үчөө унаанын ичинен чыгып, бирөөсү жоголуп кеткен.
Учурда Кара-Балта дарыясында төртүнчү жүргүнчүнү издөө иштери уланууда. Куткаруучулар Сосновка айылынан Кара-Балта шаарына чейинки аралыктагы аймакта иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө алар дарыянын терең жерлерин, суунун жээгин карап, болжол менен 20 км аралыкты басып өтүшкөн.