Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 12.07.2018 17:14

Кара-Сууда Араван каналына 1 адам чөгүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунда Араван каналына 1 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июлда алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы Араван каналына 1 адам (аты жөнү такталууда) чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Жерине саат 15:51де ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Учурда издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×