Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 12.07.2018 18:48 На русском

Москвадагы балдар аянтчасында кыргызстандык келиндин асынып турган денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Россиянын Москва шаарында балдар аянтчасында 24 жаштагы кыргызстандык келин асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, 9-июль күнү таң эрте социалдык тармактар аркылуу Москвадагы балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Андан кийин каза болгон келин кыргызстандык 24 жаштагы А.Айгерим экени аныкталган. Окуя Пожарный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Келиндин асынып турган денесин жергиликтүү тургундар көрүп калышкан.

Тергөө кызматынын болжолдуу маалыматтары боюнча, келин өз жанын кыйган. Ал 1 баланын энеси болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×