Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 12.07.2018 16:17

«Абдыш-Атанын» негизги курамындагы 3 футболчу Оштун «Алай» клубу менен келишим түздү

Turmush -  Кант шаарынын «Абдыш-Ата» футболдук клубунун негизги курамынын оюнчулары башка клубдарга кетип, үчөө «Алай» клубу менен келишим түздү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, буга чейин Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатында (Топ лига) ойноп жаткан «Абдыш-Атанын» негизги курамындагы футболчуларынын башка клубдарга кетип калуусуна айлык маянанын төлөнбөй калышы себеп болгону айтылган.

Ал эми аталган клубдун администратору Бакыт Саткыналиев айтылган маалыматты толугу менен четке какты.

«Футболчулар каржы маселесинен улам кетип калды деген маалымат туура эмес. Биз болгону жаш футболчуларга мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик. Азыр клубда ойноп жаткан футболчулар 17-20 жашта. Жаш футболчулар менен Топ лигада быйыл ийгилик жарата албасак да, кийинки жылы аракет кылабыз», - деди Б. Саткыналиев.

Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын жогорку лигасында ойнойт. Клуб лигадагы күчтүүлөрдүн бири болуп саналат. Буга чейин клубдун негизги курамындагы бир нече оюнчу Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи», 3 оюнчусу Ош шаарынын «Алай» клубу менен келишим түзгөнү белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×