Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.07.2018 14:03

Ала-Букада Келте каналы курулуп бүтсө 2,2 миң гектар эгин талаага суу жетет (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык аймагында Келте каналы курулууда.

Маалым болгондой, каналдын жалпы узундугу 11,5 чакырым, сыйымдуулу 0,7 кубду түзөт. Каналды куруу иши дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, курулуш иштерине жалпы 48 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

«Сулайман-Суу» СПАнын директору Б.Торокуловдун айтымында, каналдын курулушу менен 2242 гектар эгин талааларына суу жетет жана дыйкандардын сууга болгон муктаждыгы азаят.

Каналдын курулушу 2018-жылдын май айында башталган. Аны жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Куруу иштерин «Масы-Курулуш» ЖЧК жүргүзүүдө. Ала-Бука районунда иригациялык багытта иштерди алып баруу жанданууда. Жыл башында райондогу ири каналдардан Эшме каналы толук кандуу бетондолуп пайдаланууга берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×