Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.07.2018 13:40 На русском

Жумгалда 4 бөлмөлүү үйү толугу менен өрттөнүп кеткен жабырлануучуга 50 миң сом жардам берилди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын Күчүк участкасындагы жаңы конушта 2018-жылдын 22-июнь күнү 4 бөлмөлүү үйү толугу менен өрттөнүп кеткен 35 жаштагы Максат Аргымбаевге жергиликтүү эл колдоо көрсөттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаевдин айтымында, демилгечи жаштар, активисттер айыл кыдырып элден 30 миң сом, айыл өкмөттөн 20 миң сом чогултуп беришкен.

«Учурда Максатка колдон келген жардамдар берилүүдө. Айыл элин кыдырып 30 миң сом чогултушту, айыл өкмөтү бюджеттен 20 миң сом колдоо көрсөттүк. Мечиттин жамааты өзүнчө чогултуп жатат. Мындан тышкары кой берем дегендер болду. Көбүнчө тургундар 1-2 миң сомдон беришти», - деди Кыдырмаев.

Учурда айыл жаштары «Бир үйдөн бир колдоо — 200 сом» акциясын уюштуруу алдында турушат. Анда алар айылдагы жалпы 570 түтүн үйдү кыдырып, каражат чогултушат.

Буга чейин Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк участкасында жайгашкан жаңы конушта 22-июнда болжол менен саат 13:50 чамасында электр чыңалуусу күчтүү келип, 4 бөлмөлүү үй өрттөнүп, айрым тургундардын турмуш-тиричилик буюмдары күйүп кеткендиги маалымдалган.

Максатка жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефондору: 0505656554, 0500031791.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×