Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусуТалас району 12.07.2018 13:17 На русском

Айыл турмушу: Таласта «Шайыр апалар» тобун жетектеген баатыр эненин кол эмгектерин чет өлкөлүктөр баалап алышат (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын 60 жаштагы тургуну Сыйнат Алиева 41 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, кол эмгектерин чет элдиктер баалап алып кетишет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү кичинекей кезинде апасына жардам берип жүрүп үйрөнгөн.

«Менин апам аябай ишмер адам болчу. Ага балачагымда жардамдашып жүрүп, сайма сайганды, курак куроону үйрөндүм. Кийин 19 жашымда турмушка чыгып, кайненемден шырдак жасоону толугу менен үйрөнгөм. Ал дагы абдан уз адам экен. Ошондон азыркы күнгө чейин үйрөнгөндөрүмдү жасап, эмгектеримди 10 жылдан бери сатыкка чыгарам. Учурда буйрутмаларды алып, Кыргызстандын ичине жана Казакстанга чейин сатуудамын. Ал эми шырдакка түшүрүлгөн оюлар өз оюмдан чыгат. 6 жылдан бери фестивалдарга катышып, ардак грамоталар менен сыйланып келем», - деди ал.

Чебер айым мындан тышкары ырдайт жана аталган айылга 8 жыл депутат болуп эмгектенген.

«Мен ырдоого кичинекей кезимде эле кызыгып, ырдап келем. Учурда 3 жыл мурун облустук деңгээлде түзүлгөн Таластагы "Шайыр апалар" тобунун мүчөсүмүн. Ошондой эле мындан 2 жыл мурун райондук жана айылдык деңгээлде түзүлгөн "Шайыр апалар" топторун жетектейм. Алардын эң улуусу 70 жаштан ашса, кичүүсү 50 жашта. Биз көптөгөн кароо-сынактарга катышып, чоң иш-чаралардын ачылышында ырдап келебиз. Тойлорго дагы буйрутмалар түшүп турат.

Айылыбызга 2 жыл депутат болуп шайланып, 8 жыл иштедим», - деди баатыр эне.

С.Алиеванын 5 кыз, 2 уулу бар. Эң улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 26 жашта. Баатыр эне балдарынын бардыгын жогорку окуу жайдан окутуп, аларды турмуш жолуна узаткан. Жолдошу Эскендер Алиев экөөнүн баш кошконуна 42 жылдын жүзү болуп, 2 неберенин чоң ата, чоң энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×