Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 12.07.2018 12:02

Жалал-Абаддагы тойдо эки кишинин урушу өлүм менен аяктады

Turmush -  Жалал-Абад облустук соту 1977-жылы туулган Нурбектин (аты өзгөртүлдү И.Н.Б.) иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде жазылат.

Буга чейин Тогуз-Торо райондук соту аны 15 жылга эркинен ажыраткан.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 1-ноябрында саат 04:30 чамасында анын коңшусу Эмил (аты өзгөртүлдү) той уюштуруп жатканда Нурбек Ибрагим (аты өзгөртүлдү К.И.) менен уруша кетип, ал ага көрсөтөрүн жана аны өлтүрүп саларын айткан. Анан үйүнө келип бычак алып, Ибрагимдин төшүнө сайган. Жабырлануучу каза болуп калган.

Айыпталуучунун маалыматына караганда, ошол түнү жабырлануучу экөө мас абалда болушкан. Ибрагим экөө уруша кетишкен. Жабырлануучу аны үйүнө чейин кубалап келген. Ал жаш жигит ага ушундай мамиле кылганына ызаланган жана өзүн коргоо үчүн Ибрагимди бычак менен сайган.

Ал анын кылмыш ишин Кылмыш кодексинин 110-беренесине которушса болмок деген пикирде. Ал сотту анын картаң ата-энеси бар экенин жана ал 4 баланын атасы экенин эске алууну өтүнгөн.

Жыйынтыгында сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×