Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусуТалас району 12.07.2018 10:44 На русском

С.Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен келди (видео)

Turmush -  Бүгүн, 12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын иш сапары Талас районундагы «Манас Ордо» комплексинен башталды. Андан кийин өлкө башчысы Талас районунун Таш-Арык айылындагы бала бакчанын курулушу, Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун оңдоо долбоору менен таанышты. Президентке жол боюнча маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиев менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов берди.

Президент мындан ары Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышат жана облус тургундары менен жолугушат.

Тактама:

Таш-Арык айылындагы 140 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталган. Долбоордун баасы 57 339 442 сом. Курулуш иштери быйыл аяктайт.

Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун оңдоонун 3-фазасы быйыл аяктайт. 2019-жылы кийинки фазасы башталып, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол оңдолот. Аталган долбоорго Азия Өнүктүрүү Банкы донор болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×