Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 12.07.2018 10:15

Акыркы суткада өлкө аймагында 32 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 35 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июлда.

Оштогу Кара-Суу районунун Жапалак айыл аймагынын Кыргызстан айылында 2 кабаттуу бастырма толугу менен күйүп, өрт жанаша жайгашкан бастырмага жайылган. Анын кесепетинен бастырманын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам Чүйдөгү Сокулук районунун Селекция айылында турак үйдөн өрт чыкты. Өрт учурунда 100 чарчы метр чатыры, 60 чарчы метр шыбы, буюмдар жана кийим-кечелер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×