Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Алайда татар-башкырлардын Сабантуй майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Алай районунун борборундагы эс алуу бакта татар, өзбек жана башка улуттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Сабантуй майрамы белгиленди.

Маалым болгондой, бул иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Аданбай уулу Нурбек катышып, райондун борборунда жашап, айылдын өнүгүшү үчүн активдүүлүктөрүн көрсөтүшкөн ар бир улуттун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада татар-башкыр элдеринин улуттук каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлдү. «Татулык» татар-башкыр диаспорасынын салтка айланган Сабантуй майрамында элдик оюндар, мелдештер, кароо-сынактар уюштурулду. Майрамга Казан филармониясынын артисттери да чакырылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө тартты. Ошондой эле бул майрамда ар бир улуттан чыккан таланттар да обон созушту. Мындан тышкары, кол күрөш, аркан тартыш, жаздык менен уруш жана башка турдүү оюндар уюштурулуп, татар-башкырдын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөлөрү, суусундуктары тартууланды.

Татар-башкыр диаспорасынын райондогу жетекчиси Алфия Зарипова, Ош облусундагы Илькаем атындагы улуттук маданий борборунун жетекчиси Равиля Ахмедова, Өзгөн районундагы татар-башкыр диаспорасынын жетекчиси Салима Дадабаевалар сөз сүйлөшүп, Алайда жашап иштеп, бир туугандай болуп калган ар улуттун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×