Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2018 10:02

Жети-Өгүздө сууга агып кеткен 79 жаштагы карыянын денеси табылбай жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кааз-Уя жайлоосундагы Кара-Суу суусуна агып кеткен 79 жаштагы эркек адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2-июль күнү болгон. Сууга агып кеткен адам Барскоон айылынын 1939-жылы туулган тургуну С.Ч. экени аныкталган. Издөө иштерине ӨКМдин Каракол шаардык №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 11 куткаруучу, Жети-Өгүз райондук №36 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, жалпы 21 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×