Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.07.2018 09:51 На русском

Жубайлар: Ырысбүбү апа шырдагы жок үйгө келин болуп, жолдошун байытып, азыр саякаттап жүрүшөт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы 81 жаштагы Сариев Абды ата менен 74 жаштагы жубайы Абдымамбетова Ырысбүбү апа 58 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Абды ата: Мен 1937-жылы Ак-Дөбө айылында төрөлгөм. 18 жашымда Укринага аскерге кетип, 3 жыл жүрүп келгем. Өзүм техникага жакын адаммын. Аскерден дагы уналаарды же ар кандай буюмдарды оңдоп койсом бардыгы таң калышчу. Аскерден келгенден кийин айылда айдоочу болуп иштеп жүрдүм. Үйдөгүлөр үйлөнгөнгө кыз издеп калышты. Бирок менде эч бирөсүнө жактыруу сезим болгон жок. Айылдын чет жагында Кызыл-Сай деген айылдагы Чалдыбар интернатынан Ырысбүбүнү көрүп калып, жылуу сезим пайда болгон. Жакшынакай сулуу кыз экен деп ойлоп кала берчүмүн. Ырысбүбүгө кантип жетеримди билбей жеңелерин ортого салып, апасы менен сүйлөшүп, «кызыңызды жолугушууга чыгара аласызбы?» деп көндүргөм. Кийин баш коштук. Ал учурда кызды кичине кезинде эле кудалап коюшкандыктан Ырысбүбүнү да кичине кезинде эле кудалап кетишкен экен. Кудалап, калыңын төлөп кеткендер ызы-чуу салып келишсе апасы түшүндүрүп 600 сомун берип кетирген. Азыр жубайлык бактылуу доордо жашап жатабыз (күлүп). Жашоомду жубайымдын аркасы менен гүлдөтүп, көркүнө чыгара алдым деп ойлойм. Тандоодон эч адашпаптырмын.

Ырысбүбү апа: Мен 1944-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөм. Мектепти аяктап, Чалдыбар интернатына пионер жетекчиси болуп иштеп жүргөм. Убагында жолдошум мага көңүл бурганы менен мен ага көңүл бура алган эмесмин (күлүп). Жаңы келин болуп келгенде, ал учурда жокчулук заман болгонуна байланыштуу кайын энем үйүндө эч нерсе жоктугунан кошунасынан шырдагын сурап келиптир. Бирок 1 күн өтпөй эле кайра баягы коңшу эже «шырдагымды бер» деп келиптир. Кайын энем менден уялып, «сырттан сүйлөшөлү» деп эшикке чыгып кетишип, сырттан дагы «бир күн берип турчу, жок дегенде келинге уят болбоюн бүгүнчө төшөлүп турсун» деп суранып жаткан экен. Мен аны угуп калып, шырдагын жыйнап «алып кете бериңиз» деп берип салгам. Ошондо кайын энем ыйлап калган болчу. Көрсө мени аларды чанып отурбай кетип калабы деп ойлогон экен. Ошондо «ушул 2 бөлмөлүү үйдү заңгыратып салдырам, ушул үй-бүлөнү бутуна тургузам» деп сөз бергем.

Ошенттип пионер жетекчилигинен чыгып, уй сааган фермага кирип иштеп калдым. Ошол жумуш менен катар соодага кызыгып кеттим. Уй фермадагыларга сүйлөшүп, ордумду ишенип таштап, 1-2 тааныштар менен Ташкентке чейин барып, атлас кездемелерди алып келип сата баштадым. Соодагерчиликти үйрөнүп, Таластагы дүкөндөргө сүйлөшүп, кездемелерди өткөрүп, кийинчерээк кийим-кечелерди сатып баштадым. Ал учурда айылдагылардын 70% уй саап иштейт эле. Саанчылардын бардыгы кийим көрөбүз деп келишчү. Атайын чоң журналым бар болчу, ошондон көрүп балдарын кийинтип кетишчү. Кээ бирлери карызга алып, кайра айлыктарын алганда төлөп жүрдү. Ошентии соода менен жүрүп 1970-жылдары «Волга 21» үлгүсүндөгү унаа алганбыз. Айыл боюнча андай унаа 2 адамда эле бар болчу. Бирөө менин жолдошумда экинчиси бир немис кишиники болчу. Үй салып, колхоздон алма алып, «Волгага» салып алып, Ташкентке алып барып сатчубуз. Ал учурда соодагерлерди алып-сатар (спекулянт) деген күнөө менен жоопко тартышчу. Бирок айыл эли менен жакшы мамиледе болгондуктан бизди сатышчу эмес. Айыл элине колдон келишинче каражат жагынан, кийим-кече жагынан жардам бере алдык деп ойлойм. Себеби колунда эч нерсеси жок адам келип, карызга бир нерсе сурап келсе жок деп кетирчү эмеспиз.

Жолдошум экөөбүз Ташкентке барганда балдарыбызбы кезеги менен ала барчубуз. Андагы окуу жайларды көрүп, биз окубаган жерде эми балдарыбыз окушсун деп кыялданчубуз. Абышкам өмүр боюу айдоочу болуп иштеди. Биз биринчилерден болуп колхоз таркай электе фермерлик дыйканчылыкка чыктык. Ал учурда жердин, малдын баркы кетип калган учур болчу. Жолдошум тегирмен ачкан болчу. Күнүнө ун чыгарчу. Аны коңшу айылдардан өйдө келип алып кетишчү. Каатчылык учурда бир ууч ун сурап келген адамдарды кур кол кайтарган жокпуз. Азыр 1990-жылдардагы каатчылык учурундагы кыйналган адамдар мени көрүшсө сүйүнүп, «сизди көрсөк апабызды көргөнсүп калабыз» деп айтып калышат (күлүп).

Өзүм 13 бала төрөдүм. Тогузу аман-эсен чоңоюшту. Жашоодон алган эң чоң сабагым 2 кызым сууга агып кеткени болду. Улуу кызымды айылдаштарым «Фрунзедеги балетке бер» деп сурап жүрүштү. Кызымда тубаса таланты бар болчу. Ошондо алардын сөзүн угуп балетке берип койгондо кызым аман болмок эле деп ыйлайм (муңдуу). Мен үчүн байлык деле маанилүү эмес, балдарым аман-эсен, билимдүү болсо экен дечүмүн. Балдарды «билим алгыла, биринчи окууну ойлогула» деп үйрөттүк.

Азыркы учурдагы жолдошум экөөбүз чет жактарды кыдырып саякаттап жүргөн учурубуз (күлүп). Бирок азыр жашыбызга байланыштуу учакка отурган бир аз коркунучтуу. Болбосо бардыгы жакшы. Меккеге, Малайзияга, Австрияга, Германияга, Польшага Аравияга барып келдик. Үйгө пианино, ооз комуз сыяктуу музыкалык аспаптарды алып келип койгонбуз. Балдарыбыз ойнобосо да неберелерибиз колдонушат деген ойдомун.

Жубайлар 9 баласынан 20 неберелүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×