Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 12.07.2018 16:17 На русском

«10 жаштагы кыз зордуктоо аракетине кабылган»: Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы чыкты

Turmush -  Сокулук районунда 10 жаштагы кыз «Жибек жолу» базарынын аймагында жайгашкан коомдук дааратканадан белгисиз эркек киши тарабынан зордуктоо аракетине кабылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы Бишкектеги экспертизанын маалыматына таянып билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, бул окуя боюнча дайындалган тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы расмий түрдө чыга элек.

«2018-жылдын 10-июлунда Сокулук районундагы "Жибек жолу" базарындагы коомдук дааратканадан белгисиз эркек киши тарабынан 2008-жылы туулган кыз зордуктоо аракетине кабылган.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, ал Сокулук райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмү тарабынан Бишкектеги экспертизага жөнөтүлгөн. Ал жерден жабырлануучунун ата-энесине кыз зордуктоо аракетине кабылганын айтышты. Бирок Сокулук райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн расмий жыйынтыгы чыга элек. Жабырлануучу ооруканадан чыккандан кийин психологго барып турат», - деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн айтымында, кызды издеп чыккан апасы аны дааратканада жыңалач турганын көрүп, дароо милиция кызматкерлерин чакырган.

«Кыздын ата-энеси ошол базарда кийим-кече сатып соода кылышат. Апасы милиция чакырып, кызды райондук аймактык ооруканага алып кетишкен. Үй-бүлө жакшы турушат», - деп билдиришти күбөлөр.

Буга чейин Сокулук районунда болгон окуяны АКИpress өздүк булактар берген маалыматка таянып жазган.

Кийинчерээк бул фактыны Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалады.

«Аталган факт Сокулук РИИБде катталды. Учурда Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери эркек кишини кармоо үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×