Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.07.2018 09:16

Түптүн Тасма айылына трансформатор орнотулуп, чубалгылар тартылды (фото)

Turmush -  Түп районунда электр жарыгын берүүнү кышында үзгүлтүккө учуратпоо үчүн айылдарда капиталдык ремонт иштери кызуу жүргүзүлүп жатат, - дейт Түп РЭТ ишканасынын башкы инженери Курманжан Байтиков.

Анын айтымында, эми 5 айылга трансформаторлор коюлуп, аба чубалгылары тартылат.

«Бүгүнкү күндө Тасма айылына 850 метр жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын, бир чакырым ылдыйкы чыңалуудагы аба чубалгысы тартылып, аларды орнотууга 30 темир-бетон мамысы (мамылар «Чыгыш электро» ААК тарабынан жасалган) орнотулду.

Түп РЭТ Талды-Суу электр тармактар бөлүмүнүн жетекчиси, мастер Э.Черикчиевдин бригадасы тарабынан капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн кубаттуулугу 400 квт.трансформатор орнотулуп, дайыма арызданып келген 70 абоненттин электр жарыгы менен тейлөө турукташтырылды. Мындан тышкары 5 (Фрунзе, Кутургу, Токтоян, Михайловка, Сары-Булуң) айылга трансформаторлор коюлуп, аба чубалгылары тартылат.

Ошондой эле, авариялык абалга алып келген бак-дарактар буталып, электр чубалгылары тартылган жерлерге жакын бак-дарактарды тикпөө тууралуу эскертүү иштери жүргүзүлдү», - деди К.Байтиков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×