Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.07.2018 08:43

Түп райондук ооруканасына кышка карата таш көмүр түшүрүлдү (фото)

Turmush -  Түп райондук ооруканасы кышка карата таш көмүр менен толук камсыз болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ооруканадан билдиришти.

«Таш көмүр кышкы мезгилге карата алынып келинди. 15 тоннасы райондук ооруканага түшүрүлүп, ооруканын кызматкерлери Т.Бакашев менен А.Кенжетаев көмүрдү сарайга киргизип жатышат. Анын 5 тоннасын Талды-Сууд айылындагы, 10 тоннасын Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Байзак айылындагы участкалык ооруканаларга жеткирип беребиз», - деди Түп райондук оорукананын чарбалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Венера Байбураева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×