Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Чүй облусу 11.07.2018 18:57 На русском

Өспүрүм кызды ала качкан жигит аны Таласка алып кетүүгө аракет кылган

Turmush -  Жашы жете элек кызды Чүй облусундагы үйүнөн Таласка ала качып бара жаткан 25 жаштагы жигит кармалды, деп билдирди өздүк булактар.

Бул фактыны Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, шектүүгө карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 154-берене (аялды мажбурлап нике кыйдыруу үчүн уурдоо) менен иш козголгонун билдирди.

Ала качуу

«30-июнь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Чүй районунун Дөң-Арык айылынын тургуну кайрылган. Арызында анын 2001-жылы төрөлгөн кызын белгисиз адам никеге туруу максатында ала качып кеткенин билдирген. Бул арыз боюнча дароо ыкчам иштер башталып, милиция кызматкерлери кызды белгисиз жаран Талас облусуна ала качып кеткенин аныкташты.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 1993-жылы туулган жигит менен өспүрүм кыз Токмок шаарынан табылган. Шектүү — 1993-жылы туулган С.А. убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×