Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.07.2018 17:36

Караколдук окуучу А.Аскерова бокс боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту

Turmush -  Каракол шаарындагы Ленин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу Айдай Аскерова бокс боюнча эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Каракол шаардык спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, эл аралык турнир дүйнө чемпиону Айбек Абдумомуновдун, бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаровдун байгесине арналып өттү.

Анда Айдай Аскерова 54 кг салмакта мелдешип, биринчиликти камсыз кылды. Ал Бейшен Сабатаровдун тарбиялануучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×