Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Ак-Сууда бир катар ардагерлерге «Ардактуу атуул» наамдары тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 11-июлда Ак-Суу райондук ардагерлер кеңешинин 15-отчеттук кайра шайлоо конференциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Улан Дөкөнбаев, анын биринчи орун басары Бактыбек Иргебаев, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаныш Жээнбаев, айыл өкмөт башчылары жана ардагерлер катышты. Буга чейин ушул жылдын 17-30-апрель күндөрү ардагерлердин райондук айыл аймактарындагы баштапкы уюмдарында отчеттук кайра шайлоо чогулуштары өтүп, райондук конференцияга 102 делегат шайланган болсо, бүгүн алардын 75и катышты.

Конференцияда эки маселе каралды. Биринчиси — ардагерлердин райондук кеңешинин отчеттук мезгилдеги аткарган иш-аракеттери жөнүндө, экинчиси — ардагерлер кеңешинин байкоочулар кеңешинин жаңы курамын шайлоо.

Иш-чарада Улан Дөкөнбаев бир катар ардагерлерге «Ардактуу атуул», «Кадырлуу эмгек каарманы» наамдарын жана ардак грамоталарды тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×