Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.07.2018 17:06

Таластагы сейил бакты оңдогон жумушчулар 2 жылдан бери маяналарын ала албай жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы сейил бакты оңдоп-түздөгөн 5 жумушчу 2 жылдан бери маяналарын ала албай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга алардын бири Нурбек уулу Залкар билдирди.

«Биз бригадабыз менен 2016-жылы «Курулуш Энергия» ишканасы менен Талас шаарындагы сейил бакты оңдогонбуз. Биз иштеген ишкана сейил бак боюнча 8 млн сомдук тендерди утуп алып, биз бриагадабыз менен куруу иштеринде иштедик. Ал жерде даараткана куруп, тосмолорду коюп, брусчатка төшөө, жарыктандыруу иштерин жасаганбыз. Мен 5 баладан турган бригадам менен жана Талас шаарынан 15тен ашык бала иштедик. Таластагы жергиликтүү балдардын иштеген акысын төлөп, бизге (шаардан барган 5 балага) акы төлөгөн жок. Ошентип 2 жылдан бери акчабызды ала албай келебиз. Ишканага барып кайрылсак эле мэрия тараптан акча которулганын айтышат. Ишкана акча албаса дагы бизге айлыгыбызды берүүгө тийиш. Анткени биз ишибизди так аткарып, сейил бакты толук оңдоодон өткөрүп бергенбиз. «Сейил бактагы даараткананын баасы 2 млн сомдон ашык болуп кеткендиги үчүн ишкананын үстүнөн экономикалык багытта иш козголду» деп уктук», - деди ал.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков «Курулуш Энергия» ишканасынын үстүнөн иликтөө жүрүп жаткандыгын тастыктады.

«Талас шаарындагы сейил бакты оңдоп-түзөө боюнча тендерди «Курулуш энергия» ЖЧКсы утуп алган. Бүгүнкү күндө ишкананын үстүнөн Финансы полициясы тарабынан экономикалык багытта иш козголгон. Ал ишкананын өкүлдөрү бизге улам келе берчү эле, акыркы учурда келбей калышты. Кабыл алуу актын түзө элекпиз. Тендерде биринчи этабында 7 млн 151 миң сом бөлүнгөн. Андан кийин экинчи траншта дагы кошумча жумуштарына деп 1 млн 492 миң бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө Финполицияда иш козголуп жатканы себеп болуп, аталган ишканага которулбай калган сумма 1 млн 800 миң сомду түзөт. Кабыл алуу акты түзүлгөндө гана калган акча которулат», - деди мэр.

«Курулуш энергия» ЖЧКнын жетекчиси Кубат Турдубаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Курулуш башталган учур:

2016-жылдын 8-августунда Талас шаарынын ошол кездеги мэри Анарбек Кушубеков борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери менен таанышып чыккан.

Шаар башчысы 2016-жылы жергиликтүү бюджеттен борбордук паркты реконструкциялоо иштерине 7 млн 150 миң сом бөлүнгөндүгүн билдирген. Ал каражатка эски сейил бактын ичине жаңыча долбоор иштелип чыгып, тротуар, отургучтар, унаа токтоочу аймак, Ч.Айтматов көчөсү жагына арка жана сейил бактын ортосуна заманбап үлгүдөгү даараткана курулмак. Аба ырайы ачык болуп турса курулушту 2016-жылдын күз айларында бүтүрүү пландалган. Талас шаарындагы борбордук сейил бак 10-15 жылдан бери оңдоодон өтө элек болчу.

1 млн 800 миң сомдук даараткана курушкан:

2016-жылдын 31-октябрында май айында Талас шаарынын борбордук сейил багында курулуп баштаган даараткана колдонууга бериле электиги белгилүү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Ал эми шаар мэри А.Жусупбеков даараткананын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 800 миң сом каралгандыгын маалымдаган. Анын курулушун жүргүзгөн ишкана объектти шаардык мэрияга өткөрүп бере элек болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×