Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.07.2018 16:15

Ырчы А.Карымов айылында байгеге 3 унаа коюлган салтанат өткөрдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-июлда ырчы Айбек Карымов Токтогул районунун Сары-Камыш айылында байгесине 3 унаа коюлган салтанат өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын чыгармачылыктагы 25 жылдыгына карата 2 күн өткөн салтанатта 4 жылкы союлуп, ат оюндары уюштурулду. Ат чабышта биринчи болуп келген токтогулдук чабандес менен кунан чабышта маарага биринчи болуп келген ысык-көлдүк чабандеске «Жигули» үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Көк бөрү боюнча мелдешке «Нива» үлгүсүндөгү унаа коюлган. Мындан сырткары эр эңиш, балбан күрөш уюштурулуп, эр-азаматтар күч сынашты.

Айбек Карымов 1969-жылы Токтогул районунун Сары-Камыш айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×