Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.07.2018 22:03

Түптүн Ак-Булак айылына 2,9 млн сомго ФАП курулат

Turmush -  Түп районунун Ак-Булак айылына ФАП салынат. Бул тууралуу Түп райондук каржы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Булак айылына республикалык дем берүүчү грант аркылуу жаңы ФАП салынмай болду. Долбоордун жалпы суммасы 2 млн 900 миң сом болсо, айыл аймактын өздүк салымы 290 миң сомго жетет. Ал эми дем берүүчү грантка болгон муктаждык 2 млн 610 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×