Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.07.2018 15:49

Ысык-Көлдө ички иштер министринин орун басары А.Орозалиев тургундарды кабыл алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-июлда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Каракол шаарында милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү тургундарды кабыл алды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрдин орун басары жергиликтүү тургундарды жеке өзү кабыл алып, тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги О.Урмамбетовго аны мыйзам чегинде аткаруу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди. Көпчүлүк айтылган маселелер жеринде чечилип, ал эми ички иштер органдарына тиешеси жок болгон көйгөйлөр тийиштүү мамлекеттик органдарга карап чыгуу үчүн жиберилди. Ал эми тергелип жаткан кылмыш иштер боюнча макул эместигин билдирген жарандар тиешелүү жоопторду алып, аларга сунуштар берилди.

Жарандарды кабыл алууга келгендер министрликтин жетекчилигин жер-жерлерде ушундай жолугушууларды уюштуруп, жарандардын арыз-даттанууларына жана кайрылууларына тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгы боюнча тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×