Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 11.07.2018 15:37

Айыл турмушу: Таластык актер А.Бекботоев 10 жылдан бери сахнада баатырлардын ролун жаратып келет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 37 жаштагы тургуну Алмаз Бекботоев 10 жылдан бери Талас шаарындагы драма театрда эмгектенип келет. Аймактык кабарчы актердон кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2008-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы театрдын алдындагы театралдык окуу жайды аяктаган.

«Актердук бөлүмдө билим алууга Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова эжем түрткү болду. Ал «бой десе бой, үн десе үнүң бар, аракет кылып көрбөйсүңбү, сенден бир нерсе чыгат» деп калды. Өзүмө да кызык болгондуктан окуп кеттим. 2008-жылы окууну аяктаган соң жолдомо аркылуу Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма театрга актёр болуп келгем. Ошондон бери 30дан ашык чоң ролдорду ойнодум. Келбетим чоң болгондуктан көп учурда баатырлардын ролун ойнойм. Жаңы жылда Аяз ата болсом, даталуу күндөрдө Кыдыр ата жана Манас, Бакай аталардын, Эр Солтоной, Бүргө баатырлардын ролун аткарып келем. Бардык ролду аткарганда абдан аракет кылып, каарманды кандай кылып жакшы ачып бере алам деп тексттен тышкары окуп изденем. Кыска метраждуу «Саз», «Жигитим Аяз ата» тасмаларында «Дарак ыры» аттуу мюзиклде роль жараттым. Бүгүнкү күнгө чейин купулума толуп аткарган ролум боло элек. Бирок актер болгонума, маданият чөйрөсүндө жүргөнүмө сыймыктанам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле сахнадагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Сахнага чыгып алып текстти унутуп койгон күндөр болот. «Көрсөтүп коем кызыкты» деген сөздү «көйсөтүп коем кызыкты» деп айтып алабыз. Тыбыштардан көбүрөөк ката кетип калат. Бир жолу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгында Шекер айылына «Эрте келген турналар» чыгармасын коюп барганбыз. Бир кесиптешибиз каармандардын аттарын унутуп калып, башка чыгармалардагы каармандарын айтып кирген. Акжолтой, Каражолтой деп Кожомкул баатырга чейин айтып кирген эле. Биз алардын аттарын билет элек, сахна сыртында туруп, аябай күлгөнбүз.

Драмалык чыгармалардан тышкары кино жаатында роль аткарып калам. «13 жаштагы баланын арманы» тасмасында «эй байке тамеки барбы?» деп айткан жерим бар. Өзүмдүн айылыма барсам акелерим «тамеки барбы?» деп күлүп сурашат», - деди ал.

Алмаз Бекботоев жубайы экөө 3 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×