Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Караколдук мушкер Н.Дүйшебаев эл аралык турнирде күмүш медаль тагынды (фото)

Turmush -  Караколдук мушкер Нуржигит Дүйшебаев эл аралык турнирде күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каракол шаардык спорт мектебинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшен Сабатаров жана жаштар арасында дүйнөнүн чемпиону Айбек Абдумомуновдун байгесине арналган эл аралык турнир 26-27-июнь күндөрү Каракол шаарында өткөрүлгөн.

Н.Дүйшебаев 49 кг салмактагылар арасында күч сынашты. Ал буга чейин студенттердин спартакиадасында 1-орунга татыган болчу. Мушкер К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти. Спортчу бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Б.Сабатаровдун окуучусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 429
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×