Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.07.2018 15:02 Жаңыланды: 12.07.2018 10:12

Айыл турмушу: Москвадан бут кийим тигүүнү үйрөнүп келген 23 жаштагы И.Карыпбаев өз бизнесин баштады (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 23 жаштагы тургуну Ильяз Карыпбаев бут кийим тигүү менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

И.Карыпбаевдин айтуусунда, алгач бут кийим тигүүнү интернеттен үйрөнүп, өз алдынча тигип баштаган.

«Тиккен бут кийимдин бир жери окшошпой, бир нерсе жетишпей жаткандай болду. Ошентип 2017-жылы июль айында Москва шаарына барып, 35 жаштагы армян улутундагы Амри аттуу кол өнөрчүнүн устаканасында бут кийим тигүүнүн сырларын окуп үйрөндүм. Окуп, үйрөнгөнүм үчүн айына 15 миң рубль төлөдүм. Кара-Көлгө келип, элден буйрутма алып, бут кийим тиге баштадым. Учурда ижарага устакана ачып, иштетип жатам», - деди ал.

Анын билдирүүсүндө, үчүнчү сорттогу кайыштан мырзаларга жана айымдарга буйрутма менен бут кийим тигет.

«Мырзалардын бут кийимине караганда айымдардыкын тигүү кыйын. Аларга кандай стилдеги бут кийим жагары да белгисиз. Айымдардын табитин таап, кыялындагыдай бут кийим тигип берүүгө аракеттенем. Учурда айымдардын бут кийимин 1500 сомдон өйдө, ал эми мырзалардыкын 2000 сомдон жогору баада тигип жатам. Эгер жардамчым болсо бир айда 20 даана бут кийим тигип чыгарса болот. Бирок өзүм жалгыз болгондуктан айына 10 даанага чейин бут кийим тигип жатам. Тигүүгө керектелген материалдарды Бишкек шаарынан алып келем. Эркектердин бут кийимин тигүүдө 1100 сомго чейин материалдар керектелет. Мындан сырткары жол кире, тигүү кызматы жана башка чыгымдары болот. Чыгымдар бут кийимдин түрүнө жараша эсептелет. Мен тиккен бут кийимдер буйрутма берген кардарларга жагып жатат.

Буюрса устат катары балдарды окутуп, цех ачып, жумуш орундарын түзсөм дейм. Ошондой эле мен тиккен буюмдарды атайын бренд менен чыгарып, өлкөнүн базарларына чыгарсам дейм», - деди ал.

И.Карыпбаев кесиби боюнча энергетик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×