Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 11.07.2018 14:13 Жаңыланды: 11.07.2018 18:00 На русском

Эшек чуусу: Жергиликтүүлөрдүн даттануусу менен текшерүүлөр аяктай элек

Turmush -  Буга чейин Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу аймакта эшек фермасы бар экени жана анда өлгөн эшектер атайын казылган чуңкурга ташталары айтылган. Андан чыккан жыт фермага жакын жайгашкан Мады айылына жетип, мындан улам жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна зыяны тийиши мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров айтып чыккан болчу.

Ал эми Мады айыл өкмөтү бул маселени чече албай койгону маалым болгон. Кийинчерээк ферманы Кара-Суу райондук прокуратурасы жана ветеринардык кызмат жеринен текшерүүгө алганын, алар барганда өлүп жаткан эшектер табылбаганын жана ферма Мады айылынан 1,6 км алыста жайгашып, тийиштүү нормалар сакталганын айтып чыгышты.

Ал эми 6-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү айрым интернет булактарына тараган маалымат боюнча териштирип, анын негизинде эшек фермага жакын делген Мады айылына барышкан. Анда жергиликтүүлөр ферма боюнча даттанышып, арыз да жазып беришти.

Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Эрмекбай Өмүрбековдун айтымында, жергиликтүүлөрдүн арызынын негизинде алар аталган фермага барышкан.

«Биздин кызматкерлер эшек фермасына барганда күзөтчүлөр киргизбей коюшкан. Анткени буга чейин райондук прокуратура, каржы полициясынын кызматкерлери текшерип, ферманын мыйзамдуу негизде иштеп жатканын аныкташкан эле. Мындан улам биз жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу беренесинин негизинде жергиликтүүлөрдүн арызын текшерип жатабыз. Эгер мыйзам бузуулар аныкталып калса, эшек фермага кылмыш иши козголот. Мунун жыйынтыгын 16-июлда чыгарабыз», - деди Э.Өмүрбеков.

Ал эми Кара-Суу райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча аталган эшек ферма жайгашкан жер Кытай жаранына 5 жылга ижарага берилген. Ферма болсо Б.Кожомкуловго катталган. Жердин ижара мөөнөтү 2022-жылы аягына чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×