Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.07.2018 13:06

Мекендештер: Таластык Д.Иманбаев Дубайдан тажрыйба топтоп, азыр Түркияда иштеп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Даир Иманбаев Дубайда иштеп тажрыйба топтоп, учурда Түркиянын Анталия шаарындагы мейманкананын ресторанында тейлөөчү болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2015-жылы Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледжден юрист адистигине ээ болуп чыккан аяктаган.

«2017-жылы Дубайга Arabian Center деген агенттик аркылуу келгем. Бул агенттикти Бишкек шаарында англис тил курсуна барып жүргөндө ошол жактагы балдар-кыздардан уккан элем. Кичине кезимден бери дүйнө кыдырып, чет жакка чыгып иштөөнү каалачумун. Дубай мен кыялданган шаарлардын бири эле. Дубайда бардыгы англис тилинде сүйлөшөт. Мен тилди үйрөнүп келсем деле баары бир тилден кыйналдым. Бара-бара бат эле өздөштүрүп кеттим.

Дубайда мыйзамды бекем кармашат. Мисалы Рамазан айында коомдук жерлерден суу ичүүгө болбойт. Тамеки тартчу жерлерден гана тамеки тартышат. Метродо кыз-келиндердин өзүнчө вагону, эркектердин өзүнчө вагону бар. Мен жаңы келгенде биринчи эс алуу күнүмдө шаар кыдырып келейин деп метрого түштүм. Байкабастан кыз-келиндердин вагонуна кирип алыптырмын. Тегерегимди карасам эркек киши жок, жалгыз мен эле экенмин. Ичиндеги кыз-келиндер аябай башкача карап, таң калышкан (күлүп). Ошондон кийин билип калдым.

Азыр Түркиянын Анталия шаарындагы мейманкананын ресторанында тейлөөчүмүн. Бул жакка келгениме 2 ай болду. Бул жактагы мыйзамдар Дубайга караганда жеңилирээк. Бул жакта 8 саат иштейм. Жумушум 16:00дө башталып, түнкү саат 24:00дө аяктайт. 6 күн иштеп, 1 күн эс алам. Дем алыш күнү көлгө түшөм, эс алып сейилдейм. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып, кооз жерлерге баргым келет», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×