Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Тагдыр: Пенсияга чыга албай, 20 жылдан бери эмгек биржасында иштеген Кайнаркүл апа президентке кайрылды (фото, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 55 жаштагы тургуну Кайнаркүл Мусабаева 20 жылдан бери кара жумушчу катары жалданып иштеп келет.

Өзүнүн айтымында, 10 жыл мурда жолдошу каза болуп, кийин эки баласынан дагы айрылган.

«Жолдошум экөөбүз тең Барскоон айылынан болобуз. Тун уулума 6 ай толгондо көз тийип, чарчап калган. Андан кийин эки кыздуу болдук. Жолдошум оорудан улам 10 жыл мурда каза болуп калган. Андан кийин биз Кызыл-Суу айылына көчүп келдик. Улуу кызым Бегай турмуш куруп, эки балалуу болгондо боорунан операция болуп, 24 жашында каза болуп калды. Ошентип жалгыз кызым Нуржан менен калдым. Акыркы 20 жылдан бери жалданып иштеп келем. Мурун бир күн иштегенге 30 сом алчумун. Учурда кызым экөөбүз тең жалданма иштерге чыгабыз. Кызым богок жана жүрөк оорусу менен ооруйт. Өзүм пенсияга чыга албай келем. Дарыгерлер ысыкка чыгууга болбойт дегенине карабай иштеп келем.

Кызым, балам, жолдошумдан ажырагандан кийин эми жалгыз кызым аман болсо экен деп кара жумуштун оордугуна карабай иштейм. Үйүбүздүн айнектери жок, целлофан менен бүтөп койгонбуз. Ал деле шамалда айрылып калат. Кышкысын токойдон отун термелеп келип, үйүбүздү жылытабыз. Электр энергиясын оңдотоюн десем акчабыз тамак-аштан артпайт.

Президент С.Жээнбеков менин үнүмдү угуп, пенсияга чыгышыма көмөктөшүп койсо дейт элем», - дейт ал.

Кайнаркүл Мусабаевага жардам берүүнү каалагандар 0708817052 номуру аркылуу байланышса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×